Уй туалет, суусу менен сатылат. Канттын артындагы Кыргызавтомашта
Объявление снятоОно больше не активно и не показывается в поиске
Бишкек 28.10.2026










Уй туалет, суусу менен сатылат. Канттын артындагы Кыргызавтомашта санузелдүү үйү сатылат
Аянты 36 м² болгон үйү 6 сотых жери менен сатылат. Дмитриевка жана Кант айылдарына жакын, Жибек-Жолу трассасынан 2 км аралыкта жайгашкан. Бишкектен 25км
Үй жөнүндө:
Мансардалуу үй. Дубалдары эки катмардан турат: шлакоблок жана кирпич. Чатыры шифер менен жабылган.
Бөлмөлөрдүн терезелери пластик, кире бериштеги терезелер жыгачтан жасалган. Кире бериш эшиги темир.
Үйдө эки өзүнчө бөлмө, санузел жана ашкана менен бириккен кире бериш бөлмө бар.
Фундаменти бийик жана бекем. Үй сапаттуу курулган, дубалдарында жарака жок, чатыры суу өткөрбөйт.
Полдору бетон. Жыгач жабууларынын арасына чопо салынып, жылууланган.
Ички жасалгасы: дубалдары акталган, полго линолеум төшөлгөн, шыптарына обои жана өзүн-өзү чаптоочу плёнка чапталган. Эшиктери советтик үлгүдөгү жыгач эшиктер.
Электр жана меш менен жылытылат. Меш үч бөлмөнү тең жакшы жылытат. Мештин морлору иштөө абалында, бүтөлгөн эмес.
Эки кургак жер төлөсү бар.
Суу, электр энергиясы жана санузел:
Суу өзүнүн скважинасынан алынат. Бетон кессону жылууланган. Суу жетиштүү, көйгөй жок.
Дээрлик жаңы насос жана суу сактоочу бак орнотулган. Суу чыпкасы да бар.
Суу түтүктөрү раковинага, кир жуучу машинага, суу жылыткычка, унитазга, душка жана короого чыгарылган.
Дача шериктештигинен өзүнчө сугат суусу да берилет.
Бардык түтүктөр жылууланып, тоңуп калбашы үчүн 80–90 см тереңдиктеги траншеяларга көмүлгөн.
Канализация үчүн бетон септик бар.
Zegor фирмасынын аралаштыргычтары, Viko фирмасынын розеткалары орнотулган.
Үйдүн бардык бөлмөлөрүндө жана короодо электр зымдары жаңыланып, жаңы электр монтажы жүргүзүлгөн.
Суу жылыткычты жана кир жуучу машинаны туташтыруу үчүн атайын розеткалар каралган.
Короодо бетон негизге орнотулган жаңы жыгач дааратканасы бар. Ошондой эле металл каркастуу, суу куюлуучу багы бар жайкы душ орнотулган.
Жер тилкеси:
Аянты 6 сотых. Жери тегиз, тик бурчтуу формада.
Айланасы толугу менен тосулган. Мөмөлүү бак-дарактар жана бадалдар өсөт.
Кире бериштеги тосмонун бир бөлүгү күрөң профнастил менен капталган.
Кең ачылуучу дарбазасы бар, жүк ташуучу унаа эркин кире алат. Дарбазанын алдында чоң унаа оңой бурула тургандай жетиштүү орун бар. Каршы бетинде үйлөр жок.
Жайгашкан жери:
Тынч, кооз жерде жайгашкан. Жакын жерде дарыя, токой жана суу көлмөлөрү бар.
Көпчүлүк кошуналар жыл бою жашап, жумушка каттап турушат.
Балдар Дмитриевка айылындагы мектепте окушат.
Дача массивинен Кант шаарына маршрутка каттайт.
Эмерек жана техника: Үйдө айрым эмеректер жана тиричилик техникалары бар. Баары жаңы ээсине калтырылат.
Документтери:
Документтери толук жана иретинде. Учурда жаңы мыйзамга байланыштуу кызыл китептер кадастрдык планга алмаштырылып, жер тилкелери санариптештирилип жатат. Бул жер тилкесинин санариптештирүү иштери буга чейин жүргүзүлгөн. Ага 10 000 сомдон ашык каражат кеткен. Ошондуктан жаңы ээси сатып алгандан кийин бул иштер менен алектенбейт.
Техникалык паспорт жана сатып алуу-сатуу келишими
Volkswagen Passat 19%
Volkswagen Passat B8 Рестайлинг 1.5 AMT
202620 кмроботбензин
1.5 · на заказ · передний
Бишкек · Сегодня в 23:07
Трёхкомнатные Агентство
3-комн. кв., 280 м², 12 этаж из 12
28012 эт.
золотой квадрат · элитка · проводной
Бишкек · Сегодня в 23:07